Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда мыйзамсыз сакталган сыранын кампасы аныкталды

Жалал-Абад облусунда лицензиясыз жана уруксат документсиз сатуу максатында мыйзамсыз сакталган сыранын кампасы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө кезектеги ири партиядагы лицензиясыз алкоголдук продукцияны тартып алышты. Анда ар кандай аталыштагы жана идиштеги 2 миллион сомдон ашуун суммадагы 38 миң 62 бөтөлкө сыра тартып алынды.

"Ишкерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлдү" деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан