Биз социалдык тармакта

"Айрым партиялар эл менен жолугушууларда бет кап тагынуу жөнөкөй нормаларын сактабай жатат" дейт президент

Партиялар азыркы кырдаалда саясий гана маданиятка эмес, социалдык да маданиятка таасир этип жатышат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

"Мына көрүп жатабыз, үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. Айрым партияларда эл менен жолугушууларда бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо деген жөнөкөй нормалар сакталбай жатат. Майда деп буга маани бербей койгонго болбойт. "Эл башкарам, элдин тагдырын чечем" деген азаматтарыбыз бул маселеде да элге үлгү болушу керек деп эсептейм. Жалпысынан айтканда, алдыдагы шайлоо мыйзамдуу өтүп, парламенттик демократиянын калыптанышына салым кошот. Президент катары мурда да айткам, кайталап кетейин, шайлоолордун мыйзамдуу өтүшүнө бардык аракеттерди жасайбыз. Буюрса, шайлоо мыйзамдуу өтөт. Баарына тең бирдей шарт түзүлөт. Ар бир партияга, ар бир талапкерге, ар бир жаранга шартты бирдей түзөбүз", - дейт президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
-BOSS-
2020-09-12 16:18:33
Айрым партиялар эмес баардык партиялар эшек жайлоо болуп кетти, карантиндик норма карапайым элге гана тиешелүү болуп атат.
+3
Jibakana
2020-09-12 17:03:21
Депутаттар жонокой эрежени билбесе бизге окшогон калкка суйлобой эле койушсун,анан да эле коргошот имиш...
+2
Kuban-1207
2020-09-12 17:13:29
Айрым партиялар эмес бүт баары
+2
futboler
2020-09-13 00:14:06
Үгүт иштерин кыска мөөнөт эмес 5-6 айга чейин узартып койсо сонун болмок, карапайым калк көбүрөөк пайдаланып калат эле. Жарым жылдын ичинде ушул нерсени бүтүрүп берсең шайлайбыз деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан