Биз социалдык тармакта

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эми жумушсуздар аралыктан туруп эле жумуш тапса болорун жарыялады

Иши жок жүргөндөр аралыктан туруп эле жумушка орношуу бөлүмүнө катталып койсо болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирет.

Буга чейин аталган бөлүмгө барып катталышчу, эми Zanyatost.kg. сайтына кирип каттоо деген жагынан арыз тапшырууга болот.

Эгерде суроолор жаралса, иш менен камсыз кылууга көмөктөшкөн бардык аймактык бөлүмдүн номерлерине чалууга мүмкүн.

Мындан тышкары, сайттан бош жумуш орундарынын тизмесин же издеп жаткан иш боюнча электрондук арыз жөнөтө аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан