Биз социалдык тармакта

"Саймалуу таштардын көбү көмүргө салган жолдун себебинен талкаланып жатат". Алай районунун эң кооз жери коркунучта (видео)

Алай районунун эң кооз жери коркунучта. Бул тууралуу SUPER.KG порталына сүрөтчү Зафер Динчер билдирди.

Айтымында, Мурдаш жана Кара-Кур айылдарынын эли чыккан Калдырама, Боз-Бээ, Ак-Бай жайлоолорунда жайгашкан Көк-Көл тез арада жоголуп кетиши мүмкүн. Ал аталган тарыхый жайды сүрөткө тартууга барып, кайгылуу көрүнүшкө туш болгон.

"Биз барган жактагы жаңы көмүр карьери 2-3 күн мурун иштеп баштаптыр. Көлдүн айланасындагы уникалдуу саймалуу таштардын көбү көмүргө салган жолдун себебинен сынып жана талкаланып баратат.

Эгерде техникалар ишин уланта берсе, бир жуманын ичинде укмуш болгон жерден айрылып калабыз деп тынчсызданып жатабыз. 3-4 миң жылдан бери тынч-аман сакталып келе жаткан бул маданий байлык жакында жоголуп кетиши толук ыктымал. Кыргыз өлкөсү тарыхый мурасын сактап калуу боюнча иштерди башташы керек", - деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Glucke
2020-09-14 14:23:33
Көмүр казып иштеп акчанын артынан түшкөн маңкурттар. Алымбек, Курманжан Датканын тукумубуз, эң патриот кыргыздарданбыз деп мактанасыңар да алакандай бир тарыхый байлыгыңарды сактай албаган силердин бир тооктун мээсиндей мээңер жок. Силер эмес силердин жериңер үчүн кайдагы бир түрк күйүп-бышып отурат.
+7
Agayu
2020-09-14 15:10:25
Эл өткөрбөй койсо болбойбу ? Ошол кен мамлекетке 100 дөн 10 гана түшөт , баягы эле элге бок жок .Бир адамдын кызыкчылыгы деп жэр беттин өлтүрөт турган болдук го
+5
States
2020-09-14 16:51:23
Ииий жиндилер срочно бир нерсе кылгыла
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан