Биз социалдык тармакта

Денесинен 3 пайыз күйүк алган. Чүйдө өрт өчүрүү учурунда жаракат алган куткаруучунун абалы канааттандырарлык

Чүй облусунун Сокулук районунда кездеме калдыктарын кайра иштетүүчү цехтен 13-сентябрда өрт чыккан. Окуя болгон жерге тартылган куткаруучулардын бири өрт өчүрүү учурунда жаракат алганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Учурда жаракат алган куткаруучунун абалы канааттандырарлык. Ал бетинен жана колунан 3 пайыз күйүк алган", - дейт маалымат катчы.

Жыгач устундуу темир жабылган кездеме калдыктарын кайра иштетүүчү цехтен чыккан өрттөн ишкананын 700 чарчы метр чатыры жана 3 тонна кездеме калдыктары күйгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан