Мурас-Ордо жаңы конушунда үй бузулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үйдү бузуу иштери Биринчи Май райондук сотунун чечими менен №2271 участкасында жүргүзүлдү. Үй ээлеринин уруксат кагаздары болгон эмес, үй мыйзамсыз курулган.
Ошондой эле 6-кичи районундагы 10-үйдүн жанындагы уруксатсыз орнотулган тосмо бузулду.