"Бишкексвет" муниципалдык ишканасынын директору болуп Чодонов Айбек Кубанычович дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койгон.
Эскерте кетсек, ишкананын мурдагы директору Алимбек Абдылдаев Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри болуп дайындалган.