Шайлоочу добуш берип жатып бюллетенди сүрөткө тартканга болбойт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Шайлоочу кабинкада добуш берип жатып, бюллетенди фотоаппаратка же телефонго сүрөткө тартууга укугу жок. Бул эреже ар бир шайлоодо сакталат", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, өлкөдө 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт.