Кечээ, 14-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кара-Кече көмүр казуу кенинде тоо көчкөн. Буга байланыштуу Дыйкан-Кара-Кече унаа жолу жабылып калганын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкен.
Социалдык тармактын колдонуучусу Кылыч Шанаев өзүнүн баракчасына тоо көчкүнүн жакындан тартылган видеосун жарыялады. Анда видеону тартып жаткан адамдын "тоо суудай эле агып жатат, тоо кулады" дегенин угууга болот.
Эске салсак, Кара-Кечеге Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлери барып, жабылып калган Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунда тазалоо иштерин жүргүзүп жатканы маалымдалган. Тоо көчкүдөн жабыркагандар болгон эмес.