Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсүндө 1200 мектепке 25 миңден ашуун компьютер берилет

Кыргыз мамлекети менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында өлкөдөгү 1200 мектеп компьютердик жабдыктар менен камсыздалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Долбоор билим берүү жараянын өнүктүрүүгө шарт түзүү жана мугалим менен окуучулардын санариптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун жардамында 1200 мектепте атайын компьютердик класстар пайда болот. Ар бир класста 15тен компьютер (25 200 даана компьютер эмерек менен), бирден көп функционалдуу жабдык (сканер, принтер, көчүрүү модулу - 1200 даана) жайгашат. Ушул эле мектептерде өзгөчө математика жана табигый илимдер предметтери боюнча кошумча электрондук материалдар менен сабак өтүүгө мүмкүндүк берген 6 мультимедиялык (проектор, компьютер, ups) класстар ачылат.

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту жана 8 педагогикалык колледжде компьютердик класстар пайда болот. Мындан сырткары, окуучулардын билимин баалоонун эл аралык программасына катышуу (PISA), балдарды окутуунун натыйжалуулугун, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында табигый илимдер предметтерин окутуу методикасы жана ИКТ компетенттүүлүгүн жогорулатуу курстарынан 36 миң педагог өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ka2sr1
2020-09-15 13:10:31
Орус, англис тилин уйронгуло.
-1
AdylbekB84
2020-09-15 14:20:50
Ар бир мектепке жетишин камсыз кылгыла, министр өзү көзөмөлгө албаса бир айылда 2 мектептин 1 не жетип 2- не жетпей калчуу эле биз окуп жүргөн убакта! Классты даярдап компьютерге ылайыкташтырып, терезелерине темир тор тактыртып жасап 2 жыл күнкөнүбүз эсимде, көрсө кошуна мектепке өткөрүп жүрүшүптүр! Документ боюунча 1 айыл көрсөтүлөт экен, ал айылда канча мектеп бар экенин көрсөтүшпөй, райондук билим берүү комитети дагы колунан эч нерсе келбей койгон ошондо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан