Биз социалдык тармакта

Мэрия жашоочуларды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат. Ошто мыйзамсыз салынган объектилер бузулууда

Ош шаарындагы Салиева көчөсүн бойлой жаңы аллея куруу үчүн мыйзамсыз объектилерди бузуу жана демонтаждоо иштери жанданды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда аллеянын объектилерин курууга аянтты даярдоо жана таштандыларды тазалоо боюнча алгачкы иш-чаралар жүрүүдө. Аллеянын курулушун 2021-жылдын башында баштоо пландалууда", - деп билдиришти мэриядан.

Ош шаарынын мэриясы жарандардан аткарылып жаткан ишке түшүнүү менен мамиле жасоону өтүнөт. Анткени Салиева көчөсүнүн боюна пландаштырылып жаткан иштер шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aslonur
2020-09-15 21:25:31
Азаматтар, туура кыласыңар
+1
nazira...
2020-09-15 22:15:06
aslonur,ооба. Оштогу Учар айылы тарабындагы Дача тарабындагы улап, кошуп алган уйлор толтура. Мэр ошол жакты бир караштырып берсе чон чоопко калат эле. А то кочосуно зорго бир машина батат, уйлорду улай беришип машиналар каналдын чекси менен зорго отушот.кышындасы коркосун каналга тушуп кетем деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан