Биз социалдык тармакта

Ассоль Молдокматованын жактоочусу орусиялык алып баруучунун кайрылуусу боюнча үн катты

"Орусиялык алып баруучу жана шоумен Артур Цветков менен сотто жолугууга даярбыз" деп SUPER.KG порталына Ассоль Молдокматованын жактоочусу Рустам Абдурауфов билдирди.
"Ассоль менен болгон баарлашуу бир гана сотто доо арыз боюнча документтер тапшырылгандан кийин гана жүргүзүлөт", - деди жактоочу.

Артур Цветковдун Ассоль Молдокматовага карата доосу бар экенин билдирген видео чыккандан кийин дүйнөнүн булуң бурчундагы Кыргыз жарандары "мен эркекмин жана мен наалыбайм" аттуу челленж уюштурушту. Бул аракети менен мекендештер Цветковго эркектер өз каталары үчүн акча талап кылбаш керектигин билдирүүнү каалашкан.

Ассоль Молдокматованын жардамчысы билдиргендей, учурда челленжге айымдар дагы активдүү катышууда. "Челленждин катышуучулары Евразиялык телеакадемиянын академиги Ассоль Молдокматовага тилектештиктерин билдирип жатышат", - дейт алып баруучунун жардамчысы.

Өткөн аптада Артур Цветков Ассоль Молдокматовадан моралдык чыгым катары 1 миллион доллар талап кылып жатканы тууралуу видео кайрылуу жасаган.

Анда орусиялык шоумен Ассоль Молдокматова аны нацист деп атаганы үчүн моралдык компенсация талап кылып жатканын айткан.

Август айында Артур Цветков Москва шаарындагы тез тамактануучу жайлардын биринде иштеген Кыргыз жараны менен чырдаша кеткени маалымдалган.

Окуянын видеосу жарыяланып, ал социалдык тармактын колдонуучулары арасында кызуу талкуу жараткан.

"Мен эркекмин, жана мен наалыбайм!" Кыргыз жарандары Ассоль Молдокматованы колдоп челленж уюштурушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2020-09-15 22:24:17
Ух дагы башталось..........
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан