Биз социалдык тармакта

Артур Цветков менен чырдашкан Кыргыз жигити: "Эмне үчүн менин колумду кармап кечирим сурадыңыз?"

Буга чейин социалдык тармактарда орусиялык телеалпаруучу Артур Цветков Манап аттуу Кыргыз жигити менен тез тамактануучу жайда чырдашканы кызуу талкууга алынган. Кийинчерээк Цветков Кыргыз жигитине барып кечирим сураган.

Бул окуя тынчып калганда Цветков кайрадан социалдык тармактагы баракчасы аркылуу алып баруучу Ассоль Молдокматованы сотко берерин айтып чыккан. Цветковдун бул кылыгына аны менен чырдашкан Манап аттуу жигит таң калып жатканын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жасаган видео кайрылуусунда айтты.

"Артур Цветковдун видеосун көрүп таң калдым. Сиз, Артур, өзүңүз эле келип, мени мазактап, урушуп, басынтып, уят сөздөрдү сүйлөп, депортация кылам деп коркутуп, анан баарын тескери буруп, эми биздин Ассоль Молдокматованы айыптап жатасызбы? Сиз Ассолду улутчулдукту козутту деп айыптап жатасыз. Демек, чындыгында сиз өзүңүздү айыптап жатасыз, бизде бардык видеолор бар! Мен сизден ачык эле сурагым келет: Эмнеге колумду кармап кечирим сурадыңыз? Эми сотко берем деп андан акча табыш керекпи? Бул сиздин акча табуу принцибиңиз", - деген Кыргыз жигити.

Артур Цветков менен чырдашкан Кыргыз жигити Цветковдун Ассоль Молдокматова тууралуу айтканы боюнча телеалпаруучуга кайрылуу жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
XAN-TORO
2020-09-15 18:38:11
Сен деле озунду пиарлап коюпсун. Бутту го силердин ишинер.
-15
AruuKasi
2020-09-15 19:07:43
XAN-TORO,тоо десе бээ дегендер тойгуздунар. Ошону айтып жатат, бутту элего кайра эмне кого жатасын деп.
+18
XAN-TORO
2020-09-15 19:38:12
AruuKasi,Сен мага уйротпой калчы!
-14
adanov
2020-09-15 20:21:20
XAN-TORO,таза ойун жок экен жакшы сөз айтса да тескери кабыл алсан керек
+10
MAKALAK
2020-09-15 23:19:35
Жон койчу колунду кармап кечирим сураса
Аралашпа
+3
Alinur96kg
2020-09-16 16:38:25
Туура эле,Ассоль бул балага болушуп Цветковко каяша айткан,Анан бул бала унчукпай коймок беле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан