Бүгүн, 15-сентябрда Кыргыз өлкөсүнүн аймагындагы этникалык кыргыздар үчүн өлкөнүн жогорку окуу жайларында бөлүнгөн бюджеттик орундарга сынак болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тестирлөөгө 19 талапкер катышып, анын жыйынтыгы менен рейтингде жогорку балл алган 15 талапкер окууга сунушталды. Калган төртөө резервде.
Сынак президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында социалдык аралыкты жана тиешелүү санитардык эрежелерди сактоо менен уюштурулду.
Эми 18-сентябрда Тажикстандагы, 23-сентябрда Өзбекстандагы этникалык кыргыздар үчүн тестирлөө өтөт.