Бүгүн, 16-сентябрда Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев маалымат жыйын берди.
Анда жыл сайын жүрүп туруучу пенсия өлчөмдөрүн индексациялоо тууралуу маалымат берилди.
"Пенсия жыл сайын индексацияланып турат. Быйыл пандемия шартына карабастан пенсиянын базалык бөлүгүн 105 пайызга өстүрүү каралууда. Натыйжада 4 миң 286 сомдон ашпаган пенсиялар эң аз дегенде 300 сомго, ал эми 4 миң 286 сомдон ашкан пенсиялар эң аз дегенде 360 сомго жогорулатылат. Жалпысынан пенсия 300 сомдон 1 миң 900 сомго чейин жогорулатылат. Кошулган сумманын көлөмү ар бир пенсионердин эмгек стажысына, пенсиясынын көлөмүнө жараша чегерилет", - дейт Ирсалиев.