Биз социалдык тармакта

Көпчүлүк облустарда жаан жаашы күтүлөт. 17-сентябрга карата аба ырайы

Эртең, 17-сентябрда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу аймактарында жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы:

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн +11...+16, күндүз +24...+29,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +6...+11, күндүз +19...+24,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +20...+25,

Нарын жергесинде түнкүсүн +2...+7, күндүз +18...+23,

Талас облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз +1...+6 градус болот.

Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы мүмкүн, абанын температурасы түнкүсүн +11...+13 градус, күндүз +23...+25 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан