Кечээ, 15-сентябрь күнү Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан жиберилген 6 миң 552 даана Куран китеби тапшырылды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул Куран китептери облустун аймагындагы ар бир мечитке жана диний окуу жайларга 8 даанадан таратыларын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси Равшан Эратов билдирди.
Куран китептери Жалал-Абад шаарына 248 даана, Сузак районуна 1 миң 776 даана, Базар-Коргон районуна 960 даана, Ноокен районуна 656 даанадан таркатылып берилди. Ал эми облустун башка аймактарына дагы толугу менен таратыла турганын облус казысы Абдулазиз Закиров баса белгиледи.
“Муфтияттан келген бул аманатты тиешелүү жерлерге сөзсүз түрдө жеткиребиз. Бул китептер элибиздин, жеткинчектердин Куран окууда сабаттуулугун жоюуда түрткү берет деген терең ишеничтемин”, - деди Закиров.