
Нарын облусундагы шайлоо участкаларында өрттүн алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлик Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Нарын шаарында жайгашкан жалпы 21 шайлоо участкасынын ичинен 4 шайлоо участкасына коронавируска каршы иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле аталган шайлоо участкаларында комиссия мүчөлөрүнө өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өрт өчүрүү шаймандарын колдонуу эрежелери менен тааныштырылды.