Биз социалдык тармакта

Текшерүүсүз өткөрүлө баштайт. Кыргыз-Казак чек арасынан жүк ташуулар боюнча долбоор ишке кирет

Кыргыз-Казак чек арасы аркылуу ташылган жүктөрдү текшерүүсүз өткөрүү макулдашылды. Бул тууралуу өлкөнүн Экономика министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бардык автотранспорт каражаттарына карата контролдук-кароо иш-чаралары токтотулат. Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга, Орусияга кайтарым багытта ташылган навигациялык пломбалардын жардамы менен автотранспорт каражаттарына мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө макулдашылды.

Пилоттук долбоор 2020-жылдын 10-декабрында күчүнө кирет. Жүк ташуучулар пилоттук долбоорго акысыз катыша алышат.

Эгерде төмөнкү эрежелер бузулса, контролдук иш-чаралар жүргүзүлөт:

  1. белгиленген маршруттан (республикалык маанидеги автомагистралдар) 1 чакырымдан ашык аралыкка кеткенде;
  2. навигациялык пломбаны өз алдынча ачууда;
  3. навигациялык пломбасы бузулган учурда;
  4. навигациялык пломба менен 1 сааттан ашык байланыш болбогондо;
  5. активдүү бара жаткан транспорт каражатынан чиркегичти ажыратып койгондо.

Көзөмөлдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн учурда ыкчам жооп алуу үчүн мамлекеттик салык кызматынын методология бөлүмүнө кайрылыңыз. Байланыш номурлары: +996 312 61-03-06.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан