
Ош шаарында заманбап таштанды таштоочу контейнерлерин керектүү жерлерге орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-сентябрда борбордун жанына керектүү жерлерге заманбап таштанды таштоочу контейнерлерин орнотуу иштери башталды.
"Курманжан датка көчөсүндөгү кесилиштерге жана жол четинде шаар тургундары жана соода объектилери тарабынан таштандылар мыйзамсыз чогултулган жерлерге 9 даана контейнер орнотулган. Ошондой эле таштандыларды туура эмес жерлерге ыргытууга жол берилбестиги боюнча тургундар менен тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күнгө чейин "Ош шаарындагы катуу таштандыларды башкаруу тутумун өркүндөтүү" долбоорунун алкагында, Ош-Тазалык ишканасына 360 заманбап таштанды контейнерлери кабыл алынды. Контейнерлерди керектүү жерлерге орнотуу иштери улантылат", - деп жазылат маалыматта.