Биз социалдык тармакта

Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 26 жаштагы кыз бир айдан бери изделүүдө

Чүйдө сууга түшүп кеткен 26 жаштагы кыз 15-августтан бери изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунда 15-август күнү "Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен. Ошол күндөн бери жүргүзүлүп жаткан издөө иштери натыйжасыз болууда.

Кечээ, 16-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 16 куткаруучу тартылган. Бүгүн, 17-сентябрь күнү дагы издөө иштери улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан