Жалал-Абад шаарынын аймагында суу акысын мөөнөтүндө төлөбөгөндөргө рейд улантылып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кечээ, 16-сентябрда Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкармалыгынын Тайгараев көчөсүндө жүрдү. Вице-мэр Нуртилек Орозбаев суу канал башкармалыгы менен биргеликте көп кабаттуу үйлөрдү кыдырып, эскертүүлөрдү берди", - деп билдиришти мэриядан.
Мындан тышкары, абоненттердин арасында сууга болгон карызы 40 миң сомго жеткен жарандар бар. Эскертүүгө карабай суу акысын төлөбөгөндөрдүн суусу өчүрүлөт. Шаардагы калктын сууга болгон дебитордук карызы 6 миллион 800 миң сомду түзөт.