Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Баткен облусунда – 1"
Ош облусунда – 2;
Ош шаары – 1.
Ал эми бир суткада ооруканалардан 1 медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыккан. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 3185 медицина кызматкери ооруса, алардын ичинен 2739 медкызматкер айыгып чыккан.