Биз социалдык тармакта

Өлкө аймагында жаан жаайт. 18-сентябрга карата аба ырайы

Эртең, 18-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондорго кар түшөт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Батыштан жел согот, кээ бир райондордо ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы:

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +18...+23,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7...+12, күндүз +14...+19,

Нарын жергесинде түнкүсүн +2...+7, күндүз +12...+17,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +4...+9, күндүз +12...+17,

Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз +11...+16,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...+5 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн +8...+10, күндүз +17...+19 градус болот. Жаан жаайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан