
Бүгүнкү күнгө чейин "Google translatе'ке" кыргызча 1 миллион 300 миң фраза кирди.
Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев маалымат жыйыны учурунда билдирди.
"Кыргыздардын биринчи көчмөндөр оюнунда "Google translatе'ке" кыргызча сөздөрдү, сүйлөмдөрдү киргизүү боюнча долбоорду ишке киргизгенбиз. Бүгүнкү күндө ал жакка 1 миллион 300 миң фраза кирди. Бирок долбоор бала бойдон. Аны дагы өркүндөтүшүбүз керек", - дейт Ишекеев.