Биз социалдык тармакта

Башкы прокурор: "Быйылкы жылдын 8 айында жазык иштер боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 706 миллион 419 миң сомду түздү"

Бүгүн, 17-сентябрда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Коопсуздук кеңешинин жыйынында прокуратура органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аткарган иши жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, укук коргоо органдары тарабынан 2018-2019-жылдары жана 2020-жылдын 8 айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга байланышкан 6 541 сотко чейинки өндүрүшү катталды. "Анын ичинен 1 576 жазык иши боюнча тергөө аяктаган. Соттук кароого 965 жазык иши жөнөтүлгөн (2018-жылы-391, 2019-жылы-344, 2020-жылдын 8 айында-230). Көрсөтүлгөн убакытта кызматтык жана коррупциялык кылмыштарга байланышкан жазык иштер боюнча мамлекеттик бюджетке 5 миллиард 826 миллион сом өндүрүлгөн", - дейт ал.

Өткүрбек Жамшитов белгилегендей, жазык иштер боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 2018-жылы - 3 миллиард 209 миллион 770 миңди түзүп, 2 миллиард 149 миллион 735 миң сому өндүрүлгөн.

2019-жылы - 9 миллиард 734 миллион 526 миң сомду түзүп, 3 миллиард 144 миллион 853 миң сому өндүрүлгөн;

2020-жылдын 8 айында 706 миллион 419 миң сомду түзүп, 532 миллион 99 миң сому өндүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
feru92
2020-09-17 23:49:03
Бул милиондун тен жарымы мигранттардан которулган акчадан тушкон пайызы болсо керек мигранттардан пайда жакшы тушот екенго мамлекетке
0
Majit1975
2020-09-18 08:39:10
Зыяндан башка пайдасы жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан