Биз социалдык тармакта

Шоумен Цветковдун арызын сот кабыл алган жок. Орусиянын эмгек сиңирген артисттери Ассоль Молдокматованы колдоп чыгышты

Орусиялык алып баруучу, шоумен Артур Цветковдун Ассоль Молдокматовага каршы берген доо арызын сот кабыл алган жок. Бул тууралуу Молдокматованын расмий өкүлү SUPER.KG порталына билдирди.

"Артур Цветков кайрылган Москва соту анын доо арызын кабыл алган жок. Ошондой эле сот бул арыздын негизсиз экенин билдирүү менен, өндүрүшкө алган эмес. Учурда Ассоль Молдокматованы колдогон адамдардан дагы деле видео кайрылуулар келип жатат.

Арасынан Юрий Назаров, Николай Горшков, Стач Курач, Сергей Пускепалис сыяктуу Орусиянын легендарлуу жана эмгек сиңирген артисттери дагы Ассолду колдоп видео кайрылуу жөнөтүшкөн", - дейт Молдокматованын өкүлү.

Окуянын чоо-жайы:

Өткөн аптада Артур Цветков Ассоль Молдокматовадан моралдык чыгым катары 1 миллион доллар талап кылып жатканы тууралуу видео кайрылуу жасаган.

Анда орусиялык шоумен Ассоль Молдокматова аны нацист деп атаганы үчүн моралдык компенсация талап кылып жатканын айткан.

16-сентябрда Артур Цветков жактоочусу менен бирге кайрадан видео кайрылуу жасап, Ассоль Молдокматованын үстүнөн сотко кайрылганын билдирген.

Август айында Артур Цветков Москва шаарындагы тез тамактануучу жайлардын биринде иштеген Кыргыз жараны менен чырдаша кеткени маалымдалган. Окуянын видеосу жарыяланып, ал социалдык тармактын колдонуучулары арасында кызуу талкуу жараткан.

Юрий Назаров, Николай Горшков, Стач Курач, Сергей Пускепалис сыяктуу Орусиянын легендерлуу жана эмгек сиңирген артисттери Ассолду колдоп видео кайрылуу жөнөтүшкөн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Belek1710
2020-09-18 11:34:38
Туура кылат жаман улут жок, улуттун ичинде жаманы болушу мүмкүн!
+14
AdylbekB84
2020-09-18 12:30:54
Көрсө Ассоль эжебизди баары эле тааныйт турбайбы! Артур токтотсо дагы боло турган болуп калыптыр!
+13
bema_bema
2020-09-18 21:43:50
Коруп,угуп ыйладым Асол эже биз сизди жакшы коробуз!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан