Бишкек шаарынын белгилүү бир категориядагы жарандары сасык тумоого каршы вакцинаны акысыз алат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэриянын маалыматына ылайык, аталган вакцина Орусиядан мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна келип түшкөн. Бул вакцинаны төмөндөгү жарандар акысыз алса болору маалымдалат:
-
Жугуштуу оорулар бөлүмүндө, "Тез жардам" кызматында, төрөт үйлөрүндө жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмгектенген медициналык кызматкерлер. Ошондой эле балдар, карылар үйүндө жашаган жарандар жана кызматкерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, өнөкөт оорусу барлар (жүрөк, өпкө, бөйрөк, кант диабети илдети), көп ооруган жаш балдар, кош бойлуу айымдар жана жашы 65тен жогорку жарандар.
Тумоого каршы акысыз эмдөөнү алуу үчүн бейтапканаларга кайрылуу керек.
Ошондой эле эмдөө менчик клиникаларда акы төлөө менен жүргүзүлөт.
Мэрия шаарда эпидемиологиялык абал курч бойдон экенин, буга байланыштуу шаардыктарды санитардык нормаларды сактоосун унутпоого чакырат.