Кечээ, 17-сентябрда Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында жол кардан тазаланып, жол ачылган. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларына кар түшкөн. Кардын калыңдыгы 10-15 сантиметрди түзгөн. Министрликтин №9 жол башкармалыгынын кызматкерлери жол тазалоо иштерине чыгып, убагында унаа жол толук кардан тазаланган.
"Учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларындагы жол толук тазаланып, жол унаалар үчүн ачык", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле Өтмөк ашуусунда 6-36-чакырымына калыңдыгы 10-15 сантиметр кар түшкөн. Жол башкармалыгынын кызматкерлери убагында жолду тазалаган. Учурда жол ачык.