Биз социалдык тармакта

Эркектер менен аялдар төшөктө эмнени жактырышпайт?

ЭРКЕКТЕР ЖАКТЫРБАЙТ:

* Төшөк оюнуна салкын караган аялдарды жактырышпайт.
Төшөктөгү кайдыгерлик эркектердин демин суутуп, каалоосун өчүрүп коюшу мүмкүн. Ошондуктан, сүйүктүүңүзгө өзүңүздүн сексуалдык каалооңузду айтып, сезимталдыгыңызды көрсөтүү менен аны бактылуу кыла аларыңызга ишенип коюңуз.

* Эч качан демилге көтөрбөгөн аялдарды баалашпайт.
Эркектер мындай аялдар менен болгондо өзүн ыңгайсыз сезип, өнөктөшүнө эмне жагып, эмне жакпай жатканын биле албай кыжаалат болушат. Ошондуктан анын кандай кыймылы жагарын, кандай ыкма сизге рахат тартуулай турганын айтуу ашыкча болбойт.

* Эркектер өздөрүнүн денесинин өзгөчөлүгүн баамдап, рахат тартуулай билбеген аялдарды жактырышпайт.
Эркектерге денесин, эрогендүү жерлерин өнөктөшүнүн кармалоосу өтө жагат. Ошондуктан, эркектердин денесин сы­лап-сыйпап, ага рахат тартуулоодон качпоо керек. Өнөк­төшүңүздүн эрогендүү жерлерин таап жана дүүлүктүрө билсеңиз, эркек өзүн да, сизди да толук ырахатка бөлөйт.

* Ырахат алуусун (оргазм) эркектерге милдет кылып, өздөрү эч аракет кылбаган аялдарды кадырлашпайт.
Мындай аялдар эркектердин кыжырын келтирет. Өнөктөштөр төшөктө бири-бирине жоопкерчиликти жүктөгөнү салкындыкка алып келет. Ошондуктан, өнөктөшүңүз менен бул маселе тууралуу ачык сүйлөшүүңүз керек.

* Төшөктө көп сүйлөгөн аялдарды жактырышпайт.
Эркектер интим учурунда өзүнө арналган кумарлуу сөз­дөрдү күтөт. Кумарга батканда аялдын толук берилишин эңсейт. Ошондуктан, андайда учурга жараша гана сүйлөө кажет.

* Ич кийимине көңүл кош караган аялдарды жек көрүшөт.
Төшөктө ар бир эркек өнөктөшүн идеалдуу көргүсү келет. Ал эми кумарга батуу алдында ич кийимдин кирдиги же эскилиги эркектерди жийиркентет. Ошондуктан, өнөктө­шү­ңүзгө жагымдуу көрүнүү үчүн ич кийимдериңиз талапка ылайык болушу шарт.

* Өзүн башка бирөө менен салыштырган аялдарга салкын карашат.
Эркек өнөктөшүнүн жалгыз эркеги болгусу келгендиктен, аялдардын аны башка эркек менен салыштырганын өзгөчө оор кабыл алат. Ошондуктан мурунку өнөктөшүңүздүн кыял-жоругун, кыймыл-аракетин эч качан айтпоого аракет кылыңыз. Болбосо эркек өзүн ыңгайсыз сезип, башкага ооп кетиши мүмкүн.

АЯЛДАР ЖАКТЫРЫШПАЙТ:

* Эркектердин шашмалыгы кыжырын келтирет.
Төшөктө аялдарга назик жана сылык мамиле жагат. Ал эми шашып, өзүн жоготкон эркектер, буга кошо чала-була чечилген ич кийимдер аялдардын кыжырын гана келтирбестен, сексуалдык каалоосун жоготот. Ошондуктан, кумарга батуу учурунда ашыкпай өзүңүздүү токтоо кармаңыз.

* Лаззаттан кийин тез уктап калган эркектерди жактырышпайт.
Төшөк оюнунан кийин эркек ары карап жатып алып коңурук тартып кирсе, аялдар өздөрүн кордолгондой сезишет. Ошондуктан, уктагандын ордуна өнөктөшү­ңүзгө назик сөздөрдү арнап, кучактап ыраазычылык билдирүү менен бактылуу кыла аласыз.

* Кумарга батуу учурунда чөнтөк телефону менен сүйлөшкөн эркектерди жек көрүшөт.
Төшөктө чөнтөк телефону менен сүй­лөшүп, сүйлөшүү учурунда тамашалап күлүү да аялдар үчүн жагымсыз көрүнүш. Анткени, өнөктөшүнүн ою башка жакта деп ойлоп өзүн ашыкча сезип, кумарын жоготуп жиберүүсү күтүлөт. Ошондуктан, кумарга батуу учурунда чөнтөк телефонду өчүрүп, өнөктө­шүңүз сиз үчүн жалгыз гана аял экенин далилдеп турууңуз зарыл.

* Жарыкты өчүрүүнү унутуп коюп оюнга кирген эркектерге кыжыры келет.
Анткени, өздөрүнүн сексуалдуу көрү­нү­шүн ойлоо менен аялдар жарыкта кумарга толук бериле алышпайт. Аялдар күңүрт жарык болгон бөлмөдө өздөрүн эркин кармап кумарланууга шарт түзөт.

* Өздөрүнүн ырахатка батуусуна (оргазм алууга) кайдыгер караган эркектерди жактырышпайт.
Төшөктө өз кызыкчылыгын жогору коюп, аялдардын каалоосу менен эсептешпеген эркектерди жактырышпайт. Ошондуктан, өнөктөшү­ңүзгө ырахатка батууга көмөк көрсөтүүңүз зарыл.

Макала "Супер-Инфо" гезитинин №211 санында жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2020-09-18 13:58:13
Шайлоого караганда пайдасы тийе турган неме экен.
+37
TIMON_BERKOWITZ
2020-09-18 14:02:13
Иливой эркек иш буткондо кучактаган аялды жек корот)))
+3
Asel69
2020-09-18 14:39:58
Эркектерди кобунчо көкүрөгү чоң, жамбашы чыгып турган, буттары узун аялдар кызыктырат. Анан ал бетте жылдыздуу, келбетүү, чачтарын кое берип, жасанып жургон айымдар баардык эркектерге жагат. Келбетүү, фигурсы чыккан эркектерди баардык айымдар жактырат.
+2
nazarnew
2020-09-18 21:22:51
Азыркы биздин аялдар аябай уялчаак анан малга окшоп жата беришет бүттүбү деп коюшуп. Желаниянды 200% өлтүрүп коюшат.
-8
Mister-X
2020-09-19 02:03:04
nazarnew,Сенин аялдарын ошентсе керек да.Биздин аялдар андай эмес.
+9
Bak.taalai
2020-09-19 02:31:35
nazarnew,азыркы биздин аялдар де мурунку аялдар кандай эле? Бүттүбү деп эле жата берсе сенин аялың точно мал экен. Мал деп жалпы жооп бербей аялым мал экен де башкалар да ошенткен болсо багынан кор мал болсон малга малдай мамиле кылышса керек ошол учун озунду ондо...
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан