Биз социалдык тармакта

"Варламов, рахмат!". Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери блогерге ыраазычылык билдиришти

Бүгүн, 18-сентябрда шаардык мэриянын кызматкерлери орусиялык блогер Илья Варламовго ыраазычылык билдиришти. Бул тууралуу социалдык тармактарда жарыяланды.

"Биздин өлкө, Бишкектин сонун адамдары тууралуу айткан жылуу сөздөрүнө рахмат", - деп жазышкан муниципалитеттин кызматкерлери.

Кызматкерлер анын Бишкек шаарынын тургундарына карата айтылган жылуу пикирлерине ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле Варламов өзүнүн блогунда шаардагы көйгөйлөрдү талкуулаганын белгилеп өткөн.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнө келген орусиялык журналист жана блогер Илья Варламов Бишкек шаары жөнүндө тарткан 1 сааттык видеорепортажын жарыялаган. Анда Варламов Бишкек шаарындагы аллеялардан тартып үйлөрдүн короосу, сейил бактарга чейин сындаган. Ал шаарды өнүкпөй калган деп сыпаттап, көп жагдайлардын көрүнүшүнө түшүнбөгөнүн айткан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
TIMON_BERKOWITZ
2020-09-18 13:57:45
Варламову жок озубуздун акылыбыз ошого жетпегенине уялам.
+5
Agayu
2020-09-18 15:25:50
Цветков да Ассоль менен айтышпай Бишкеке келип Варламовдой жайлап кетсе жакшы болмок Цветковго .Бир Кыргыз кыз да аеропорттон түшүп Чөптөр эмне сапсайып куурап калган деген эле авсервацияга алганда : Ал интернетте талкуу болгон , Борончу Аска тоолорго барып арчанын жанында ответ кылган эле , Чоң Кыз Кыргызстан ушундай керемет деп , как будто ошол кыз Арчалуу керемет жэрге самалеттон түшкөндөй .Эми Борончу ответ кылат бекен Варламовго ? Бизде карашпайт, суу коюшпайт эл ошого көнүп калган .
+1
maks94.kb
2020-09-18 18:58:11
Картонго эмес жакшына кылып компьютерден чыгарса акча кетет белеиэми
+1
Abdyrashit.Satylganov
2020-09-18 22:10:11
Сөз жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан