Биз социалдык тармакта

Өлкөдө 8 ай аралыгында 240 адам мамлекеттик чек араны бузуучу катары катталды

2020-жылдын 8 ай аралыгында 240 мамлекеттик чек араны бузуучу, ошондой эле 40тан ашуун чек ара режимин бузуучулар катталды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 2020-жылдын январынан августка чейин чек арачылар 4 даана курал-жарак жана 80ден ашуун ок-дары, ошондой эле кызмат өтөө учурунда курал-жарак катылган жай табышканы айтылат.

"Үстүбүздөгү жылдын 8 ай аралыгында жалпы суммасы 40 миллион сомдон ашуун болгон аткезчилик жүктүн алынып өтүшүнө бөгөт коюлган.

5 390 000ден ашык адам жана 501 000ден ашуун автотранспорт каражаты көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өткөн. Туура эмес документтери менен 1 миң 082 адам кармалган. Алсак, “Чоң-Капка-автожол” КӨЖнан Кыргыз өлкөсүнөн чыгып бара жатканда Казакстандын эки жараны туура эмес документтери менен кармалышкан.

Аларды дыкат текшерүүдөн өткөрүү учурунда жанынан 3 миллион сомдон ашуун акча каражаты табылып, алар кайдан алынганын түшүндүрүп бере алышкан эмес.

Мындан тышкары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде Баткен чек ара отрядынын чек арачылары Кызыл-Кыяк капчыгайында Кыргызстандан Өзбекстанга 13 тоннадан ашык цементти өткөрүү жайынан тышкары жерден мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган, ошону менен бирге чек ара кезметине каршылык көрсөткөн Кыргыз өлкөсүнүн жаранын кармашкан", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан