Кызыл-Кыя шаарында коронавирустун коомчулукка жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Кызыл-Кыя ШИИБинин милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Санэпид кызматкерлери менен биргеликте шаар аймагында рейддерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Шаар аймагындагы кафе-тойканаларды, санитардык эрежелердин нормаларын сактабаган мекеме-ишканалар текшерилип, жыйынтыгында карантиндин эрежелерин сактабаган тойканаларга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренесинин негизинде протоколдор түзүлүп, жалпысынан 27 миң сом айып пул салынды”, - деп айтылат маалыматта.