Биз социалдык тармакта

"Кыз узатуу өтүп жаткан". Жалал-Абадда эскертүүлөргө карабай той өткөргөн тойкананын ээсине кылмыш иши козголду

Жалал-Абад шаарындагы эскертүүлөргө карабай той өткөргөн ресторандын ээсине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Шаардагы “Алтын сарай” ресторанынын ээсине сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Буга чейин берилген эскертүүлөргө, салынган айып пулга карабай ресторанда кечээ кыз узатуу тою өтүп жаткан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү иш-аракеттер башталды", - деп билдиришти мэриядан.

Жалал-Абад шаарында тойканаларга рейд улантылып, комиссия тарабынан бир нече той өткөрүүчү ресторандар текшерилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nemo2016
2020-09-19 10:30:54
Кок мээлер эмне агитацияга 200,300адамдарга чогулганы боло берет анан карапайым элге болбойбу
+15
Aika1988
2020-09-19 14:43:13
Тойлор болуп эле жатпайбы.Белгилуу адамдарга боло береби .Шайлоо деп эл чогулуп эле депутаттардын ашын жеп журушот .
+6
Muzik
2020-09-19 22:42:30
Партиялар агитациясына 500, 600 адам чогултуп жатышат го?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан