Биз социалдык тармакта

ЭЛДИК ВИДЕО: "Байка кыргыз, бир нерсе башталууда" ырын 8 жаштагы окуучунун көркөм окуганы мактоого алынууда

Социалдык тармактарда 8 жаштагы баланын кыргыз ырларын көркөм окугандагы видеосу тарады.

Анда ал кичинекей болгону менен ырларды чоң акындардай чебердик жана берилүү менен окуп бергени колдонуучуларды таң калтырган. Окуучу бала акын Алтынбек Исмаиловго таандык "Жүрөгүмдө Кыргызстан", "Байка кыргыз, бир нерсе башталууда" жана акын Максат Жангазиевдин "Интернет чыга электе" аттуу ырларын окуган.

Бул видео жарыялангандан кийин 8 жаштагы балакайга карата жылуу пикирлер жазылууда. Колдонуучулар бул ырлар бүгүнкү күндөгү актуалдуу көрүнүштөргө байланыштуу экенин белгилеп кетишкен. Ал эми айрымдары жаш баланын ырын шайлоого карата адамдардын добушун сатпоого үндөө катары кабылдашкан.

ЭЛДИК ВИДЕО: "Жүрөгүмдө Кыргызстан" 8 жаштагы баланын көркөм окуусунда
ЭЛДИК ВИДЕО: "Байка Кыргыз, бир нерсе башталууда"
ЭЛДИК ВИДЕО: "Интернет чыга электе..."
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rajo100
2020-09-20 01:18:20
Элди жакшы жакка чакырууда Саян эң мыкты ролду ойноп жатат, өмүрлүү бол Саян!
0
Dolbooruwka
2020-09-20 13:16:46
Молодец омурун узун болсун! Коз тийбесин, кыргыздын керегине жараган эр азамат болуп чоной.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан