Биз социалдык тармакта

"Шектүү мас абалда болгон". Бишкектеги "Театралдык" деп аталган гүл бакчадагы көпчүлүк чертип чер жазган пианинону талкалап кетишти

Бишкектеги "Театралдык" деп аталган гүл бакчадагы көпчүлүк чертип чер жазган пианинону мас абалдагы адам талкалап салган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан маалымдашты.
Ага ылайык, пианино бүгүн, 19-сентябрда талкаланганы айтылат.
"Мэрияга гүл бакчадагы пианино белгисиз адамдар тарабынан талкаланганы тууралуу маалымат түштү. Көп өтпөй аталган дарекке барган "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тартип бузганга шектелген жаранды таап, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүп беришти. Кармалган жаран учурда мас абалында болуп чыкты. Биз укук коргоо органдарына арыз менен кайрылдык, учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - дешти мэриядан.
Маалым болгондой, "Театралдык" деп аталган гүл бакчадагы пианино шаардыктар үчүн былтыр орнотулган.
Бишкектеги "Театралдык" деп аталган гүлбакчадагы көпчүлүк чертип чер жазган пианинону талкалап кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Rusi79
2020-09-19 15:21:10
Эшек мээ ошого кучунду чыгардынбы манкурт, толоткуло эки эсе кылып.
+4
Kyrgyz_bloger
2020-09-19 16:26:08
Ичип алганда жанжал кылмай кыргыздарда эле болсо керек,озубуз да куноолубуз да,мас да,маска тенелбей коелу деп,кортуруп алдык катуу жазалаш керек кочодо мас болуп элдин тынчтыгын алгандарды.
+4
bond02
2020-09-19 16:33:56
Кечээ бир тигуучу аял ойноп жаткан пианинобу?
0
Tymar
2020-09-19 19:22:11
Бизде манкурттар кобойду. Качан откон жаш балдар, кыздар ойноп жатканын коросун. Ушуну эми жон эле койбобу. Пионинанын унун уксан кандай сонун
0
Jibakana
2020-09-19 20:44:07
Кыргыз байкуш качан онугот ошондой болсо Эми онукконго аракет кылса созсуз аркта бироо тартат
+1
Aituwas
2020-09-20 12:29:31
Шакал ,эки эсе кылып толотуп туруп дагы 2 ни коюп коюш керек ...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан