
18-сентябрь күнү Бишкек шаарынын казысы
Замир Ракиев казыят жана мечит кызматкерлерине жыйын өткөрүп, мечиттин ички тарабын оңдоп-түзөө боюнча көрүлгөн аракеттер тууралуу пикир алышты. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда жеке демөөрчүлөр чыгып, мечиттин ички тарабын оңдоп берүүнү көздөп жатканын белгиледи.
"Бизге атын атагысы келбеген мусулман бир тууганыбыз апасынын көзү өткөндөн кийин артынан сооптуу иш жасоону көздөп, элге жарыя кылгысы келген жок. Ал мечиттин ички тарабын оңдоп беребиз деп айтты. Биз да колдон келген көмөгүбүздү берип, мечитибизди оңдотуп алуунун алдында турабыз. Бардык чыгашаларды өздөрү камсыздамакчы", - деди Замир Ракиев.
Мечиттин ички тарабын оңдоо кыш мезгили келгенге чейин жүргүзүлөт.