Биз социалдык тармакта

Тажикстандагы этникалык кыргыздар өлкөдөгү ЖОЖдордо акысыз билим алуу үчүн тестирлөөдөн өтүштү

18-сентябрда Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстандагы элчилигинде аталган өлкөдөгү этникалык кыргыздар үчүн өлкөнүн жогорку окуу жайларында бөлүнгөн бюджеттик орундарга сынак болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, COVID-19 пандемиясынан улам эки мамлекет ортосундагы чек аранын жабык болушуна байланыштуу Тажикстандагы этникалык кыргыздардын документтерин кабыл алуу, ошондой эле тестирлөө Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстандагы элчилигинде өткөрүлдү.
Сынактын жыйынтыгында тестирлөөгө катышкан 16 талапкердин 9у акысыз билим алууга сунушталды.
Тестирлөөнү Билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору элчиликтин кызматкерлеринин жардамы менен өткөрдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан