Биз социалдык тармакта

Үшүк жүрөт. 21-сентябрга карата аба ырайы

Эртең, 21-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде кээ бир райондордо үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл-чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 21-сентябрда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7… +12, күндүз +22… +27;

Талас жергесинде түнкүсүн +4… +9, күндүз +20… +25;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +8… +13, күндүз +24… +29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1… +6, күндүз +16… +21;

Нарын облусунда түнкүсүн +1… +6, күндүз +17… +22.

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4… -9, күндүз +4… +9 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8… +10, күндүз +24… +26 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан