Ош шаарынын борбордук аянтында кечээ, 20-сентябрда унааларын чимирилте айдап, өнөрлөрүн көрсөтүп, андан соң качып кеткен эки айдоочу кармалды.
Эки айдоочу кармалып, унаалар айып короосуна киргизилди. Учурда үчүнчү унаанын айдоочусу изделүүдө, "бейбаштык" беренеси менен иликтөө иштери башталды.
"Борбордук аянт көйрөңдүктү, көпкөндүктү көрсөтүүчү полигон эмес. Ата-бабаларыбыздын маңдай тери менен курулган шаарыбыздын көрктүү жайларынын бири. Өзүн, шаарын урматтаган адам мындай ишке барбайт", - деп жазат Ош ШИИБи.