Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө 4 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчы үч жарлыгы менен 973 адам (771 чоң адам жана 202 бала) Кыргыз жарандыгына кабыл алынат. Алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Дагы бир жарлык менен Кыргыз жарандыгынан 238 адам (186 чоң адам жана 52 бала) чыгарылат.