Социалдык тармактарда улуттук тарых музейинин айланасына орнотулган тосмолор талкууга алынууда. Интернет колдонуучулардын көпчүлүгү тосмону коюунун кажети жок экенин айтып, нааразычылыгын билдиришүүдө.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги талкуу жараткан тосмолор боюнча түшүндүрмө берди.
"Тосмо музейдин бир гана алдыңкы жагына август айына орнотулган. Тосмону коюу 2018-жылы музейди реконструкциялоонун 1-этабынын алкагында каралган. Темир тосмолор жарандардын коопсуздугу үчүн орнотулуп, анын бийиктиги болжол менен 3 метрди түзөт", - дешти мекемеден.