Биз социалдык тармакта

"Тоолорго кар жаайт". 22-сентябрга карата аба ырайы

Эртең, 22-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Күндүз тоолуу райондордо жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы:

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн +8... +13, күндүз +23... +28,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7... +12, күндүз +19... +24,

Талас жергесинде түнкүсүн +3... +8, күндүз +18... +23,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +2... +7, күндүз +15... +20,

Нарын облусунда түнкүсүн +0... +5, күндуз +14... +19,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4... -9, күндүз +3... +8 градус болот.

Бишкек шаарын ала булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн +7… +9, күндүз +22… +24 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан