Биз социалдык тармакта

Президент БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясында онлайн режиминде чыгып сүйлөйт

Бүгүн, 21-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгы өз ишин баштайт. Башкы ассамблеянын биринчи иш-чарасы БУУнун түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган Жогорку деңгээлдеги жыйыны болот. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын атынан президент Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт.

Анын сөзү БУУнун штаб-квартирасында бүгүн кечинде көрсөтүлөт.

Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында ошондой эле БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттары да өтүп, 23-сентябрда Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт.

Мындан сырткары мамлекет башчы 30-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын мааракелик жыйынынын алкагында уюштурулган Биоартүрдүүлүк боюнча саммитинде видео кайрылуу жасайт.

Коронавирус пандемиясына жана БУУга мүчө мамлекеттердеги, ошондой эле Нью-Йорктогу учурдагы карантиндик чектөөлөргө байланыштуу быйыл Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында бардык иш-чаралар онлайн режиминде өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdizhapar
2020-09-21 16:00:19
Уят кылбаса эле эми
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан