Биз социалдык тармакта

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эки "Тез жардам" унаасын алды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эки "Тез жардам" унаасы алып келинди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Унаалар Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин жана Африка менен Азиянын өнүгүүгө жардам берүү фондунун активдүү жардамы менен Корея Республикасынын Сеул өрт өчүрүү кызматынын ортосундагы кол коюлган кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында берилген.

Мындан тышкары аталган документтин алкагында ушул жылдын аягына чейин 2 өрт өчүрүүчү унаа алып келүү пландалууда. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Корея тарабынан берилген жардамын жогору баалап, бул жардам Кыргыз өлкөсү менен Корея Республикасынын элинин ортосундагы достук мамилелеринин далили экендигине ишенимин билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dastanali
2020-09-22 08:38:06
Жакшы саамалык болуптур. Медицина, ИИМ, ОКМ тармагынын техникалык, материалдык базасын чындоо учурдун талабы болуп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан