Биз социалдык тармакта

Тажикстандыктар Орусияга Минск жана Дубай аркылуу учушууда

Тажикстандыктар Орусияга Минск аркылуу учушууда. Жүздөгөн эмгек мигранттары Беларус аймагы аркылуу Орусияга жетип алууга үмүт артып, билет сатып алуу үчүн авиакассаларда кезекте турушууда. Мындай маалыматты тажик басылмалары жазып чыгышты.

Минскке билеттин баасы 680 долларга чейин кымбаттап кеткенин жүргүнчүлөр билдиришкени маалымдалат.

"Орусия 21-сентябрда Беларусь, Казакстан жана Кыргыз өлкөсү менен аба каттамдарын жандандырган. Тажикстан менен Орусиянын ортосунда ырааттуу учуулар качан калыбына келери белгисиз. Мындан тышкары тажикстандык мигранттар Москвага Дубай аркылуу дагы учуп барып жатышат. Душанбе-Дубай-Москва багыты боюнча авиабилет 1 миң 300 доллар турат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Орусия Кыргыз өлкөсү менен болгон авиакаттамдарын 21-сентябрдан тарта жандандырганын орус басылмалары жазышкан. Ал эми бул боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги төмөндөгүдөй жооп берген.

"Учурда биз бул боюнча Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүп жатабыз. Бирок эки өлкөнүн ортосундагы авиакаттам ачылды деген расмий маалымат келе элек. Орусиянын элчилиги берген маалыматка караганда, эки өлкөнүн ортосундагы авиакаттамдар жарым-жартылай жанданганы айтылат. Билеттерди алуу боюнча "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик" авиакомпанияларына кайрылуу керектиги Орусия элчилигинин сайтында жазылган".

Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги: "Бул маселе боюнча кураторлук кылган жактын жообун күтүп жатабыз. Азырынча так маалымат айта албайбыз", - деп жооп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан