Биз социалдык тармакта

Республикалык штаб: "Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө коронавирустук инфекцияны жугузгандардын саны жогорулап жатканы байкалууда"

Адамдар жыш чогулган жерде жарандар милдеттүү түрдө беткап кийүү режимин жана санитардык-коопсуздук чараларын сактоосу керек. Бул туурасында республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө бир катар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө коронавирустук инфекцияны жугузгандардын саны жогорулап жаткандыгы байкалганы маалымдалган.

"Дүйнөдөгү түзүлүп жаткан кырдаалды эске алуу саламаттыкты сактоо тутуму жана башка мамлекеттик органдар коронавирустук инфекцияга кабылгандардын саны жогорулашы ыктымалдыгына даяр болуусу керек.

Республикалык ыкчам штабдын мүчөлөрү соода борборлору, супермаркеттер жана көңүл ачуучу жайлар тепловизор жана санитайзерлерди орнотуп, келгендерге беткап кийүүнү талап кылуусу керектигин билдиришти. Облус жана райондук администрациялар жетекчилерине соода түйүндөрүн жана базарларды үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүү тапшырылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү коронавирус аба аркылуу жугарын жана өтө жугуштуу экендигин эскертти", - деп жазылат маалыматта.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков тармактык мамлекеттик органдарга, анын ичинде Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавируска каршы күрөшүүдөгү жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтөө жана эпидемиологиялык абалды жакшыртуу чаралары боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан