"Бишкексууканал" башкармалыгы суу алгычтарды, шаардагы суу түтүктөрдү оңдоп жаткандыгына байланыштуу 23-сентябрда шаардын айрым жерлеринде ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-сентябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Дэн Сяопин, Профсоюз, Патрис Лумумба жана Кустанай көчөлөрү чектешкен аймакта ысык суу токтотулат.