Биз социалдык тармакта

"Кээ бир аймактарда жаан-чачын болот". 23-сентябрга карата аба ырайы

Эртең, 23-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынун тоолуу аймактарында жаан-чачын болот. Батыштан жел согуп турат. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн +0...+5, күндүз +13...+18,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +2...+7, күндүз +13...+18,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26,

Талас облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +18...+23,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз +1...+6° болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +8...+10, күндүз +21...+23° болот. Жаан-чачын жаабайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан