Биз социалдык тармакта

“Карантинде шаар тургундары үйдө отуруп, суу көп колдонулган”. Бишкек шаарынын тургундары суу үчүн 132 миллион сом карыз

Пандемиянын башталышында Бишкек шаарынын тургундарына коммуналдык төлөмдөрдү төлөбөөгө уруксат берилген. Мындан улам карантинде үйдө отурган шаар тургундары сууну мурунку айларга салыштырмалуу көп колдонушкан. Бул тууралуу "Бишкек сууканал" башкармалыгынын жетекчиси Мурадил Сейдалиев мэриянын пландоо жыйынында билдиргенин, Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы тастыктады.

"Пандемияда Бишкек шаарынын, анын ичинен жаңы конуштардын тургундарына суу эч бир үзгүлтүккө учурабастан берилген. Карантин маалында, жай мезгилинде ысыктын күнү тургундардын бардыгы үйдө отурган үчүн суу мурунку айларга салыштырмалуу көбүрөөк колдонулуп, ишканага каржылык жактан түшүүлөр азайды. Ошол себептүү шаардыктардын "Бишкек сууканал" ЖЭБине болгон карызы учурда 132 миллион сомду түзөт", - деп билдирди Мурадил Сейдалиев.

Ал эми бул отчётко шаар мэри Азиз Суракматов дебитордук карызды азайтуу керектигин айтып, болбосо аудитордук текшерүү жөнөтөрүн билдирди.

“Бул өтө жаман көрсөткүч. Мына жакында эле, мындан 7-8 ай мурун биз 100 миллион сом карызыбызды жаба алдык. А бүгүнкү күндө сиздер кайра артка кетип жатасыздар. Акыркы 4-5 айдын ичинде көрсөткүчтөр начарлап кетти. Эгер кырдаал декабрь айына чейин оңдолбосо, дебитордук карыз азайбаса, биз ал жакка аудит жөнөтөбүз", - деп эскертти ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aiba_00
2020-09-23 09:32:52
Сууну олорчо которуп салды,карапайым эл кантип толойт 4 ай толобой койсо эле 2000 с болуп кетип атат 5 киши жашайбыз, сууга эле карызым бутпой койду.
+1
tatynam_88
2020-09-23 09:56:25
Не жениллик берилбедиби,ушу бийлик элди жаман карыз кылып уйронгон да,суу мейли,жумуштан каникул деп эс алган кунунду суббота базар иштеп тологонунчу...сууга женилдик берсе болмок экен.орустар бизден албай эле турду карантин буткончо,силерден коро ушу орус ынсаптуурак болуп калды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан